Пятница, 17 мая

Дастан Бекешев абактагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин абалын сурады

0

Дастан Бекешев абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолукту. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

“2015-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев мага парламенттик шайлоого КСДПдан катышууну сунуш кылган. Ошентип, мен беш жыл ушул партиядан депутат болуп иштедим. Мен ар дайым партиянын багыты менен макул болгон жокмун жана кээ бир мыйзам долбоорлоруна каршы добуш бердим, мисалы, мен жаңы кодекстерди же Кумтөрдөгү мөңгүлөргө тиешелүү мыйзамды колдогон жокмун.

Депутаттык ишмердүүлүгүмдү аяктаганга чейин мен Алмазбек Шаршеновичке барууну чечтим жана биз көп нерсени сүйлөшүүгө жетиштик.

Ооба, Атамбаевдин жасаган иштеринин бардыгы туура болгон жок, ошондой эле чоң каталар дагы болгон, бирок ал биздин өлкөнүн өнүгүшүндө өзүнүн салымын кошту жана анын ишмердүүлүгүнө тарых калыс баа берет. Ошентсе да, ушул күнү мен анын ден-соолугу жөнүндө көбүрөөк сурап, ага бекемдикти кааладым “, – деп жазган Бекешев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз