Четверг, 2 мая

Бүгүн Кыргызстанда шайлоо алдындагы үгүт иштери токтоду

0

Бүгүн Кыргызстанда шайлоо алдындагы үгүт иштери токтоду. Бул күнү шайлоо жарышына түшкөн партиялардын кандайдыр бир үгүт иштерине тыюу салынат.

Ошондой эле үгүт иштерин жүргүзүү үчүн БШКдан аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар да үгүт материалдарын чыгара албайт.

Быйылкы парламенттик шайлоого 16 саясий партия катышууда:

1.«Ата-Мекен»
2. «Бир-Бол»
3. «Биримдик»
4. «Замандаш»
5. «Кыргызстан»
6. «Мекеним Кыргызстан»
7. «Мекеним Ынтымагы»
8. «Мекенчил»
9. «Ордо»
10. «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий       партиясы»
11. «Республика»
12. «Реформа»
13. «Социал-Демократтар»
14. «Чоң Казат»
15. «Ыйман Нуру».
16. «Бүтүн Кыргызстан».

Алдыдагы парламенттик шайлоого карата 3 523 554 шайлоочу катталган. Ал эми 557 856 жаран биометрикалык каттоодон өтпөгөндүгү үчүн эртеңки шайлоого катыша албайт.

Добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалды, анын 35и чет мамлекеттерде.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз