Пятница, 17 мая

Армения Азербайжан менен сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр

0

Армения Тоолуу Карабактагы атышууну токтотуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) алкагында Минск тобу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Армениянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат.

Бул билдирүү боюнча Азербайжан өкмөтү комментарий бере элек.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшүп келген Тоолуу Карабак аймагындагы абал 27-сентябрдан бери курчуп, атышуу уланууда. Кагылышуудан 100дөн ашык адам, анын ичинде жай тургундардын мерт болгону кабарланууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз