Азербайжан менен Армения өлкөлөрү ортосундагы кагылышуу дагы деле уланууда. Бул кагылышуудан армян тарап көбүрөөк жоготууга учурап, өлкөдө паника абалы жаралууда. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 3-октябрь күнү элге кайрылуу жасады. Билдирүүдө Азербайжан тарабынын чабуулдарынын машстабы болуп көрбөгөндөй чоң экендигин, армян тарабынын жоготуулары арбын экендигин айтты.
Азербайжан коргоо министрлиги талашка түшкөн тоолуу Карабахтагы куралдуу кагылышууда Армян аскерине таандык 1.2 млрд доллардан ашуун өлчөмүндөгү аскердик жабдуулардын жана ок-дарыларын жок кылынгандыгын кабарлады.