Суббота, 11 мая

4-октябрга карата Кыргызстанда дагы 244 адамдан коронавирус илдети аныкталды

0

Бүгүн, 4-октябрга карата Кыргызстанда дагы 244 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, муну менен пандемия башталгандан бери өлкө аймагында жалпы 47 миң 428 адамга коронавирус жуккан.

Жаңы катталгандар:

— Бишкек шаарында 26 адам;

— Ош шаарында 25 адам;

— Чүй облусунда 8 адам;

— Ош облусунда 62 адам;

— Талас облусунда 2 адам;

— Нарын облусунда 3 адам;

— Ысык-Көл облусунда 6 адам;

— Жалал-Абад облусунда 79 адам;

— Баткен облусунда 33 адам.

Өткөн суткада коронавирус жана пневмониядан каза болгондор катталган жок. Жалпысынан 1066 адам бул илдеттен улам көз жумду.

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 140 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 43 418ге жетти.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз