Воскресенье, 5 мая

Партиялар шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт

0

Кечээ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо болуп өттү. Шайлоонун жыйынтыгы көпчүлүк партияларда нааразылык жаратып, алар добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдиришти.

Көбүнесе жаштардан жана жаңы жүздөрдөн куралган, шайлоо күрөөсү 5 млн сомду эл арасынан чогулткан жалгыз партия – “Реформа” алдын ала электрондук эсеп боюнча 1,7% добуш алган. Партия өзгөчө чет өлкөлөрдөгү жыйынтыгы буга чейин белгилүү болгон добушканаларда жана Бишкек шаарында ийгиликке жетишкен. Борбордогу шайлоочулардын 19 миңге жакыны “Реформаны” колдоп, 16 партиянын ичинен бешинчи орунду алган.

«Бир Бол» партиясынын тизмесин баштап чыккан Алмамбет Шыкмаматов бул жолку парламенттик шайлоодо жалпысынан «40-50% ашык добуш уурдалганын» партиянын мүчөлөрү уюштурган басма сөз жыйынында билдирди.

Ал жалпы добуш берген 1,9 млн. кишинин басымдуу бөлүгү коркутууга кабылганын, административдик ресурс ашкере колдонулганын баса белгиледи. Бийликтин коррупция менен күрөшүү тууралуу айткандарын төгүнгө чыгарды.

БШКнын алдын ала жыйынтыгы менен парламенттик шайлоодо жети пайыздык босогону өтө албай калган «Замандаш» партиясы да добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбайт. Бул тууралуу партиянын штабында басма сөз жыйынында «Замандаштын» лидери Жеңиш Молдакматов билдирди. Анын айтымында, шайлоодо добуштарды сатып алуу массалык мүнөздө болуп, жыйынтыгы ишеним жаратпайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз