Пятница, 17 мая

Митингчилер ак үйдү басып алышты

0

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинг массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда түнкү саат үчтө Ак үйдү басып алып, президент отурган жетинчи кабатка чейин адамдар кирип барышкан.

Андан кийин митингчилер абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду, Садыр Жапаровду, Равшан Жээнбековду чыгарышты.

№27 колонияда отурган саясатчы Садыр Жапаров бошотулуп, аянтка алынып келгенден кийин митингчилердин алдында сөз сүйлөдү.

Ал элди аянттан тарап кетүүгө, бардык маселелерди мыйзамдуу, легитимдүү жол менен чечүүгө, мыйзамсыздыктан алыс болууга чакырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз