Понедельник, 20 мая

Алмамбет Шыкмаматов Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды

0

“Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болду. Бул тууралуу маалыматты саясатчы өзү журналисттерге билдирди.

Анын айтымы боюнча, Райымбек Матраимовду, Искендер Матраимовду, Тилек Матраимовду камакка алууга санкциялар киргизилген.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо учурунда ири өлчөмдөгү бурмалоолорго катыштыгы барлардын бардыгы камакка алынат.

Буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан талапкер Курсан Асанов Бишкек шаарынын коменданты жана ИИМдин башчысынын милдетин аткаруучу болгону жана талапкер Өмүрбек Суваналиевдин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматына кайтып келгени кабарланган. Учурда коопсуздук, коомдук тартипти көзөмөлгө алуу боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз