Воскресенье, 19 мая

 6-октябрга карата Кыргызстанда дагы 164 адамдан коронавирус оорусу табылды

0

6-октябрга карата Кыргызстанда дагы 164 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 20, Ош шаарынан – 22, Чүй облусунан – 19, Ош облусунан – 9, Талас облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 9, Жалал-Абад облусунан – 21, Баткен облусунан – 59, Нарын облусунан – 5 катталган.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 47 799га жетти.

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 123 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 43 644кө жетти.

Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 8 адам; Чүй облусунан – 8, Ош шаарынан – 4, Ош облусунан – 41, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 29, Ысык-Көл облусунан – 12, Баткен облусунан – 18.

Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан каза болгондор катталган жок. Буга чейин жалпысынан 1066 адам илдеттен улам көз жумган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз