Пятница, 17 мая

Атамбаев бүгүн эл менен жолугушат

0

Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен экс-премьер-министр Сапар Исаков түштө «Форум» имаратында эл менен жолугушат. Бул тууралуу маалыматты алардын тарапташы Шаиста Шатманова тастыктады.

Атамбаевдин жолугушуусу саат 14:00гө пландалган. Ал эми Сапар Исаковдун качан жолугушаары азырынча белгисиз.

Түндө митингчилер Ак үйдү алган соң УКМКга барып, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди, Садыр Жапаровду жана Сапар Исаковду бошотуп кетишкен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз