Воскресенье, 5 мая

Сапар Исаков баш болгон КСДП мүчөлөрү “Форум” имаратынын алдында чогулууда

0

Бишкекте “Форумдун” имаратынын алдына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулууда.

Учурда ал жакта “Кыргызстан социал-демократтары” партиясынын мүчөлөрү Темирлан Султанбеков жана Кадырбек Атамбаев бар. Чогулгандардын арасында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, УКМКнын коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев жана президенттин аппаратынын мурунку башчысы Фарид Ниязовдор да бар.

“Форум” имаратына 100дөй адам чогулуп, адамдар дагы деле келип жатат.

Имараттын алдында иш-чара баштала элек. Фарид Ниязов журналисттерге билдиргендей, анда экс-премьер-министр Сапар Исаков да сөз сүйлөйт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз