Суббота, 18 мая

Элдик координациялык кеңеш Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдобойт

0

«Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Ыйман Нуру», «Ордо» жана «Реформа» партиялары түзгөн Элдик координациялык кеңеш бүгүн жыйын өткөрүштү. Алар өкмөт башчынын ордуна Садыр Жапаровдун келгенине каршы. Бул тууралуу аталган кеңештин мүчөлөрү журналисттерге билдиришти. «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков:

«Садыр Жапаров алтынчы чакырылыштагы депутаттар менен тымызын чогулуп алып, өзүн өкмөт башчылыкка көрсөттү. Булардын өкмөтүнө биз каршыбыз, эл каршы чыгат. Ошондуктан, биз аларга «саясий принциптерди бузуп жатасыңар, токтоткула, элдин аң-сезимин адаштырып, тополоңго алып барууну токтоткула» деп талап кылдык. Биздин Координациялык кеңеш азыркы өкмөт иштей берсин, коопсуздукту сактап берсин деп сунуш кылып жатабыз» – деди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз