Воскресенье, 12 мая

Ошто Жээнбековду колдогон митинг өтүп жатат

0

Бишкектеги митингдер Ош шаарына да чачырады. Учурда Ош шаарында да абал тынч эмес.

Аянтта болжол менен 200дөй адам топтолду. Арасында президент Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары да бар. Кечээ кечинде 5 боз үй тигилген. Митинг катышуучулары колдоруна «Легитимдүү президент Сооронбай Жээнбеков!», «Бизге стабилдүүлүк, мыйзамдуулук керек!», «Укуктук талаага мамлекеттик кызматкерлер кайтсын!» деген плакаттарды көтөрүп алышкан. Митингчилер «Калсын», «Колдойбуз» деп кыйкырышууда.

Алар өлкөнүн тынчтыгы үчүн мыйзам бузууга барбай турганын, президент өз ишин улантышы керектигин айтышууда. Учурда ар кайсы райондордон адамдар келе жатканы да айтылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз