Понедельник, 13 мая

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов басма сөз өкүлдөрү менен жолукту

0

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов басма сөз өкүлдөрү менен жолугуп, акыркы кырдаал боюнча өз оюн айтты. Ал журналисттердин «Матраимовдор менен жолуктуңузбу? Тилек Матраимовдун камалышына кандай карайсыз?» деген суроосуна:

«Ооба, мен Искендер Матраимов менен жолуктум, аны менен азыркы түзүлгөн кырдаалды чыр-чатаксыз, тынчтык жолу менен чечүүнү сүйлөштүк. Алардан мыйзамсыздыкка барбоону сурандык. Бардык иш-аракеттер мыйзам талаасында болушу керек», — деди. Мырзакматов «тынчтык куруу үчүн, элдин чакыруусу менен гана келдим» деп билдирди.

Ал ошондой эле буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев менен да сүйлөшкөнүн кошумчалады.

Журналисттердин «Райымбек Матраимов менен сүйлөштүңүзбү?», — деген суроосуна:

«Мен ал киши менен сүйлөшпөйм, жети жылдан бери көрө элекмин», — деди.

Журналисттердин эл арасында кайра мэрлик кызматка келүүсү жөнүндөгү имиштерин четке кагып, азырынча эч кандай мамлекеттик кызматка барбай турганын, шайлоого да катышпасын билдирди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз