Суббота, 4 мая

Армения-Азербайжан кагылышуусу уланууда. Жай тургундар жабыркоодо

0

Армениянын куралдуу күчтөрү, Азербайжандын оккупацияланган аймактарынын тышында жайгашкан жарандык турак жайларга кол салышты.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Армениянын куралдуу күчтөрү эртең мененки сааттарда оккупацияланган Тоолуу Карабахтын сыртындагы Берде, Агжабеди шаарлары менен Горанбой, Тертер жана Агдам шаарларынын айылдарына артиллериядан ок чыгарышты.

Армениянын кол салууларынан каза болгондор жана жаракат алгандар бар деп маалымдалды.

Азербайжан армиясынын, Армениянын куралдуу күчтөрүнүн кол салууларына каршы чара көргөнү белгиленди.

Армения тарабынан 27-сентябрдан бери жасалган кол салууларда Азербайжандын 30 жараны каза болуп, 143 адам жаракат алды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз