Суббота, 20 апреля

Сооронбай Жээнбеков элге кезектеги кайрылуусун жасады

0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кезектеги кайрылуусун жасап, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң президенттик кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Бул кайрылууда президент өлкөдөгү саясий кырдаал курч абалга жеткенин айтып, аны жөнгө салуу үчүн бир катар сунуштарды сунуштаган.

«Жогорку Кеңешке шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгардык. Эми жаңы парламенттик шайлоолор дайындалат. Бул боюнча БШК өзүнүн тиешелүү чечимин кабыл алат. Бул кадамдар азыркы саясий тирешүүлөрдү басаңдатат деп ишенем»,-деген Жээнбеков кризиске чейин иштеп келген өкмөт башчы жана өкмөт мүчөлөрүн отставкага кетирип, кийинки дайындоолорго мыйзамдуу жол ачуу керектигин айткан.

Жаңы премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоону легитимдештирүү үчүн Жогорку Кеңештин токтому жана президенттин жарлыгын чыгаруу зарыл экенин токтолгон.

«Мен жарлыктарга кол коюуга даярмын, ал үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун күтөм. Жогорку Кеңештин депутаттарынын өз милдетин аткаруусун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары депутаттардын коопсуздугун камсыз кылуусу керек», — деди Жээнбеков.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз