Суббота, 21 сентября

Экс-президент Алмазбек Атамбаев кайрадан түрмөдө

0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-октябрь күнү Кой-Таштагы үйүндө кармалды. Аны менен кошо жансакчылары Канат Сагынбаев менен Дамир Мусакеев да кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады. Маалыматка ылайык, алар 9-октябрда Бишкектеги массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышты. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды иликтеп-издөө иштери жүргүзүлүүдө.

9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана жаш активисттердин митинги үзгүлтүккө учураган. Аларга Садыр Жапаровдун тарапкерлери Өкмөт үйү тараптан келип, таш, бөтөлкө ыргыткан. Курал колдонулуп, ок атылган. Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо белгисиз адамдар машинелердин бирин атып жатканын көрүүгө болот.

Кийинчерээк социалдык тармактарда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин, Сапар Исаковдун, Өмүрбек Бабановдун автоунаалары аткыланганы тууралуу маалыматтар тараган. Ал эми Садыр Жапаровдун тарапташтары бул аларды каралоо үчүн жасалган чагым экенин билдиришкен.

Аянттагы кагылыштан 5 адам жабыркап, ооруканага жаткырылган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз