Вторник, 7 мая

Бүгүн депутаттар кезексиз жыйынга чогулушат

0

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылыштагы курамы бүгүн, 10-октябрда кезексиз жыйынга чогулат. Анда президенттин Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыгы, спикердин милдетин аткаруучу Мыктыбек Абдылдаевди бекитүү, өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жаткан талапкерлер каралат.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон соң жаралган кризис тереңдеп баратат. 5-октябрда шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрүнүн митинги башаламандык менен аяктап, президенттик администрация жана башка мамлекеттик органдардын имараттарын митингчилер ээлеп алышкан. Өлкөдөгү легитимдүү бийлик органы болуп саналган парламент жаңы өкмөттү түзүш үчүн бир пикирге келе албай жатышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз