Воскресенье, 19 мая

Журналист Али Токтакунов парламенттин чечими тууралуу пикирин бөлүштү

0

Журналист Али Токтакунов өзүнүн Твиттердеги баракчасында парламенттин Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына бекитүүсүнө комментарий берди.

“Менде баары жакшы. Тынчсызданганыңарга рахмат. Парламент өкмөттү тандашы керек дедим эле аянтта. Тандашты. Жагабы-жакпайбы легитимдүү органдын чечими болду. Убадаларын уктук, аткарышы үчүн көзөмөлдү күчөтөлү.

Мен көп нерсеге макул эмесмин. Бирок өлкөбүздөгү өтө оор кырдаал чечилсе, бул ансыз деле жеңиш. Эмгегине жараша сын айталы же мактайлы “, – деди Али Токтакунов.

Социалдык тармактардагы аккаунтунда Токтакунов “Азаттыктагы” журналисттик ишмердүүлүгүн токтотуп жаткандыгын айтып, мындан аркы иш-аракеттерин “Азаттык” менен байланыштырбоону өтүндү.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз