Воскресенье, 12 мая

Бишкекте абал кандай?

0

Коменданттык саат киргизилген Бишкекте биринчи түн тынч өттү. Бул тууралуу комендатурадан билдиришти.

Мындан тышкары, мүлкө зыян келтирилип, талап-тоноочулук фактылары болгон жок.

Ошондой эле комендатура коменданттык саат учурунда блокпосттор аркылуу аэропортко бараткан жана келе жаткан жүргүнчүлөр билет жана паспортторун көрсөтүп өтөрүн кошумчалады.

Бишкек комендантурасынын call-борбору иштей баштады. Аталган борборго 1312 кыска номерине чалып байланышууга болот.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз