Вторник, 21 мая

Армения ок атышпоо келишимин дагы бир жолу бузду

0

Азербайжан менен ок атышпоо келишимине кол койгонуна карабастан кол салуусун уланткан Армения армиясы кечээ, түн ичинде Генже, Берде, Мингечевир жана Тертерге ракета атты.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин Твиттер эсебинен берилген билдирүүсүндө, Армениянын Азербайжандын экинчи чоң шаары Генжеге болгон кол салуусунан 7 жаран каза болуп, 33 жаран жаракат алды.

Анда жаракат алгандардын арасында балдар дагы бар экени билдирилди.

Кол салуудан болжол менен 30 үй жана 50дөн ашык жумушчу орундар зыянга учурады.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз