Бишкекте убактылуу жабылган мекеме-жайлар бүгүн 12-октябрда кайрадан ачылып, иштей башташты. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, Калкты тейлөө борборлору, «Унаа» жана «Кыргызпочтасы» ишканаларынын бөлүмдөрү, архивдер кадимки тартипте иштеп жатат. Бул мекемелер 9-октябрда Бишкектеги окуяларга байланыштуу ишин убактылуу токтотушкан болчу.
Ошондой эле бүгүн борбор калаадагы ири соода борборлору да кадимки тартипте иштеп жатат.