Пятница, 22 ноября

“Комсомольская правда” Тоолуу Карабак боюнча маалыматты бурмалаганбы?(ФОТО)

0

Азербайжанда жарылган ракетаны Арменияда жарылды деп маалымат берген “Комсомольская правда” басылмасы сынга кабылды.

Армения куралдуу күчтөрүнүн Азербайжандын экинчи чоң шаары болгон Генжени аткылоосунан кийинки куткаруу иштери жүргүзүлүп жаткан учурдагы сүрөттү “Комсомольская правда” интернет порталы бурмалап көрсөткөн. Тагыраак айтканда басылманын “Что происходит в Нагорном Карабахе” аттуу жаңылыгы Армениянын Генже шаарына болгон кол салуусунан кийинки ураган имараттарды Армениянын Степанакерттеги талкаланган имараттар катары көрсөткөн. Ушул эле кабарда кол салуудан кийинки куткаруу иш-чараларын чагылдырган сүрөттөрдү “Куткаруучулар урандылардын алдынан жаралуу жана өлгөн кишилерди чыгарууда” деген маалыматты берген.

Чындыгында армяндардын кол салуусунда 10 Азербайжан жараны көз жумуп, жаш балдарды да кошкондо 30дан ашуун киши жаракат алган.

Социалдык тармактарда газетанын маалыматты бурмалагандыгы тууралуу эскертүүлөр жана сындар айтылган соң сүрөттөр “Комсомольская правда” сайтынан алынып салынган.

Акыркы мезгилде орусиялык жана армян маалымат булактары Тоолуу Карабакта болуп жаткан окуяларды баймабай бурмалап келишет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз