Пятница, 17 мая

БУУ бийликтин мыйзамдуу өкүлү деп Сооронбай Жээнбековду тааныйт

0

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кыргызстандагы конституциялык бийликтин мыйзамдуу өкүлү деп президент Сооронбай Жээнбековду гана тааныйт. Бул тууралуу 12-октябрда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө БУУнун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, БУУ өкүлү бул уюм Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү болуп келгенин жана кызматташтыгы улана берерин белгилеп, өлкөдө түзүлгөн кырдаалдан тынч жол менен чыгууга чакырды.

Герман президент мыйзамдын негизинде, бардык саясий күчтөрдүн колдоосу менен туура чечимдерди кабыл аларына үмүт бар экенин айтты. БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кылдат көз салып жатканын белгилеп, кризистен чыгуу жолдорун табууга, жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүгө жана экономиканы тезинен турукташтырууга жардам берүүгө даярдыгын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз