Воскресенье, 19 мая

Бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат

0

Бүгүн, 13-октябрь күнү мамлекеттик «Ала Арча» резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болуп өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кезексиз жыйын саат 16:00дө башталып, анда президенттин өзгөчө абал боюнча жарлыгы каралат.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрь күнү Бишкекке өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча жарлыгын жарыялаган. Аны парламент бекитип бербегендиктен, 12-октябрь күнү кайрадан ушундай эле жарлыкка кол койгон. Мыйзамга ылайык, эгер парламент маселени бекитип бербесе, документ үч күндөн кийин күчүн жоготот.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз