Суббота, 11 мая

Бүгүн Жогорку Кеңеш кезектеги отурумда өкмөттүн курамын жана түзүмүн карайт

0

Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болот. Анда өкмөттүн курамы, түзүмү жана программасы каралат. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдагандай, бүгүнкү жыйында өкмөттүн курамы, түзүмү жана программасы бекитилери күтүлүүдө.

4-октябрдагы шайлоо жыйынтыгына нааразылык митингдери массалык башаламандыктарга айланып, Кыргызстанда саясий кризис башталды. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы депутаттар өкмөт башчыны шайлоо максатында бир нече жолу чогулууга аракет кылышты.
6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү чогулуп, Дастанбек Жумабековду спикерликтен бошотуп, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган. Ошол күнү өкмөт башчылыкка массалык тополоң учурунда абактан бошотулган Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөткөн.

Мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу арызына президент 10-октябрда кол койгон.

Парламент 10-октябрдагы кезексиз жыйынында Садыр Жапаровду жана анын өкмөтүн бекитип берген.

Жогорку Кеңештин ал күнкү чечимдеринин негизинде кабыл алынган токтомду президент Сооронбай Жээнбеков 13-октябрда артка кайтарган. Буга 10-октябрдагы парламент отуруму кворумсуз өткөн, ал эми анда кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз болгон деген жүйө негиз берген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз