Пятница, 22 ноября

Өмүрбек Бабанов Темирлан Султанбековду камактан бошотууну суранат

0

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов жаш активист Темирлан Султанбековду камактан бошотууну суранат. Бул тууралуу ал бүгүн 14-октябрда Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Темирлан Султанбековду тез арада бошотуу керек. Cаясий себептер менен анын эки айга камакка алынышы эркин сүйлөгөн кыргызстандыктарды коркутууга багытталган.

“Белгилүү болгондой бүгүн Садыр Жапаровдун тарапташтары эски аянтка чогулушууда. Алардын да конституциялык сөз эркиндигине жана тынч жыйынга катышуу укуктарын бийлик өкүлдөрү камсыз кылуусу тийиш! Талап кылган мыйзамдуулук бардык саясий күчтөргө жана бийликке бирдей болушу керек! Камоолор көйгөйдү чечпейт, тескерисинче тирешүүнү күчөтөт. Укук коргоо органдары жарандардын тынч чогулушка болгон конституциялык укугун коргошу керек! Провокация уюштуруп, таратуу, кармоо жана камакка алуу менен коркутпоого тийиш” – дейт ал.

Эскерте кетсек, Темирлан Султанбеков 10-октябрда массалык баш аламандыктарды уюштуруу фактысы боюнча кармалган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз