Понедельник, 20 мая

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн түзүмүн, курамын жана программасын бекитип берди

0

Мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн түзүмүн, курамын жана программасын бекитип берди.

Көпчүлүк коалициясынын башчысы Иса Өмүркулов билдиргендей, коалициянын чечими тиешелүү комитеттердин төрагаларына, андан кийин Жогорку Кеңештин төрагасына жөнөтүлөт.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Кыргызстан», «Бир Бол» фракциялары кирет.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз