Воскресенье, 19 мая

Ооганстандын түштүгүндө эки аскер учагы кулады

0

Ооганстандын түштүгүндөгү Гильменд провинциясында эки аскердик учак кулап, 9 адам өлдү.

Ооган коргоо министрлигин билдирүүсүндө, Ми-17 үлгүсүндөгү учак жерден көтөрүлгөндөн кийин көп өтпөй Нав аймагында кулаган.

Бул кырсык техникалык себептерден келип чыкканы айтылууда.

Ошол эле учурда күбөлөрдүн айтуусунда аскердик учактар жерден көтөрүлгөндөн кийин абада кагылышып кеткен. Ал эми өлгөндөрдүн саны ондон ашуун.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз