Вторник, 7 мая

“Ата Мекен” партиясы Садыр Жапаровду колдоорун билдирди

0

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев  Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматынын өкүлү Динар Турдугулова билдирди.

Маалыматка караганда, «Ата Мекен» партиясынын лидери жана парламенттеги фракциянын депутаттары кырдаал татаал экенин эске алуу менен, «тез арада бир пикир болбосо, өлкөнүн экономикасына, адамдардын коопсуздугуна чоң залака тийгизиши мүмкүн, буга байланыштуу тез арада легитимдүү, мыйзамдуу өкмөт түзүү зарыл» деген пикирге келишкен.

Партия ич ара кеңешмелеринен кийин парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары «стабилдүүлүк, тынчтык, ынтымак, элдин бакубат турмушу үчүн, премьерликке Садыр Жапаровду колдоп беребиз» деген чечимге келген.

Буга чейин «Республика» партиясы да Садыр Жапаровдун тарапкерлерин колдоорун билдирген. Парламенттеги фракция лидери Жээнчороев кырдаалды жөнгө салуу багытында саясий күчтөр ортосунда көп тараптуу жолугушуулар өтүп жатканын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз