Вторник, 14 мая

Өмүрбек Текебаев кайрадан депутат катары саясатта

0

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кайрадан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылыштагы депутаты болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, БШК бүгүн, 15-октябрда “Ата Мекен” партиясынын жана партиянын парламенттеги фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу арызын карап, аны көпчүлүк добуш менен канааттандырды. БШКнын бир мүчөсү — Адилет Сатыгулов каршы добуш берди.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу арыз менен Боршайкомго кайрылганы 10-октябрда белгилүү болгон.

Буга чейин БШК Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүү маселесин эки ирет карап, бош мандат жоктугунан жана мүчөлөр жетиштүү чогулбагандыктан чечим кабыл алган эмес.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Садык Шернияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, аны партия лидерине берүүнү БШК төрайымынан өтүнүп, арыз жазган.
Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз