Бүгүн, 15-октябрда Бишкекте премьер-министр Садыр Жапаровдун тарапташтары кайрадан Өкмөт үйүнүн жанына чогулушууда.
Кечээ, 14-октябрда кечинде Садыр Жапаров өз тарапташтарынан президент Сооронбай Жээнбеков менен отставка боюнча сүйлөшүүлөрдү аягына чейин жеткирүү үчүн бүгүн саат 11:00гө чейин күтө турууну суранган. Ал сүйлөшүүлөр бүгүн дагы улана тургандыгын билдирген.