Понедельник, 13 мая

Мевлют Чавушоглу: Фетхуллах Гюлен Кыргызстандагы башаламандыктын бирден-бир башкы катышуучуларынан бири

0

Кечээ, 15-октябрда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Анкарадагы “Ходжа Ахмед Ясави” атындагы эл аралык казак-түрк университетинин академиялык окуу жылынын ачылышына байланыштуу уюштурулган ачылыштагы видеокайрылуусунда Кыргызстандагы болуп жаткан саясий кризисте Фетхуллах Гюлендин тарапташтарынын таасири бар экендигин айтты.

Түркияда ислам таануучу Фетхуллах Гюлендин уюмун “Фетхуллах террор уюму” (FETÖ) катары карайт.

Анкара Гюленди 2016-жылдын, 15-июлундагы мамлекеттик төңкөрүштү уюштуруу аракетин жасаган деп күнөөлөйт.

“FETÖ бир эле Түркияда эмес башка өлкөлөргө да коркунуч жаратат. Ал Кыргызстандагы башаламандыктын бирден-бир башкы катышуучуларынан бири. Түркияны басып алуу аракетинен кийин мен Гюлен террорлорунун Кыргызстандагы иш-аракетине маани бере баштадым жана кыргыз бийлигине алардын өлкөгө зыян тийгизе тургандыгын эскерттим. Биздин кыргыз боордошторубуз муну учурда көрүп турат. Биз бул маселеге кылдат карап, FETÖ уюму тарабынан мээси ууланган жаштарыбызга өзгөчө көңүл бөлүшүбүз керек” – деди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз