Воскресенье, 28 апреля

Бүгүн дагы 431 адамдан коронавирус илдети аныкталды

0

Кыргызстанда 16-октябрга карата коронавирус жуккан жаңы 431 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 51 миң 20 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 70

Ош — 44

Чүй облусу – 34

Ош облусу — 147

Талас облусу — 4

Ысык-Көл облусу – 15

Жалал-Абад облусу – 65

Баткен облусу – 52.

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 208 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 45 080ге жетти.

Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан каза болгондордун жаңы 4 учуру катталды. Жалпысынан каза болгондордун саны 1103кө жетти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз