Коронавирус акыркы суткада дагы 554 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдирет.
Штабдын 18-октябрга карата маалыматына ылайык, акыркы суткада оору жаңы аныкталган учурлар;
- Бишкек — 88
- Ош — 38
- Чүй облусу – 46
- Ош облусу — 105
- Талас облусу — 12
- Нарын облусу — 6
- Ысык-Көл облусу – 26
- Жалал-Абад облусу – 143
- Баткен облусу — 90
Кыргызстанда коронавируска жалпы 52 миң 44 адам кабылса, анын ичинен 45 миң 736сы айыгып чыкты.
Республика боюнча стационарларда 2 миң 489 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 232 жаран дарыланууда.
COVID-19 илдетинен жана пневмониядан бир күн ичинде 3 адам каза тапты. Алар Ош облусунда — 1, Нарын облусунда — 1, Бишкекте — 1 адам көз жумду. Жалпы 1 миң 111 киши өпкөнү сезгенткен оорудан кайтыш болду.