Пятница, 22 ноября

Армения Азербайжандын тынч жарандарын аткылоону улантууда

0

Армян армиясы Азербайжандын Генже жана Мингечевир шаарларына ракеталык чабуул жасады. Алгачкы божомолдорго караганда кол салуудан 13 жаран каза болуп, 45тен ашуун адам жаракат алды.

Армян армиясы түнкүсүн Генже жана Мингечевир шаарларына ракеталык чабуул жасады.

Генжеде ракеталар түшкөн аймакта көптөгөн жарандар урандылардын астында калды. Кыйраган аймакта издөө-куткаруу иштери улантылууда.

Азербайжандын вице-президенти Хикмет Хажиев Твиттердеги жеке баракчасынан жасаган билдирүүсүндө, Арменияга жаңы ракеталык системалар ташылып жаткандыгын жана жарандык конуштарга ок атылгандыгын айтты.

Генжеге жасалган кол салууда 20дан ашуун үйдүн кыйрагандыгын белгилеген Хажиев, бул кол салуунун Армения мамлекетинин террордук саясатынын көрсөткүчү болгонун айтты.

Карапайым эл жашаган аймактарга атылган ракеталардын биринин көп кабаттуу үйгө тийишинин натыйжасында Аазербайжандын 13 жараны каза болуп, 45тен ашуун адамдын жаракат алгандыгы кабарланды.

Хикмет Хажиев, Скуд тибиндеги «Эльбрус» баллистикалык ракеталары менен жарандарга кол салуунун Ереван администрациясынын адеп-ахлаксыз жана шизофрениялык менталитетин көрсөткөндүгүн белгиледи.

Карапайым адамдарга кол салуунун согуш майданындагы жеңилүүлөрүнөн улам Армян администрациясынын жөндөмсүздүгүн көрсөтөрүн белгилеген Хажиев, кол салуунун атайылап жасалгандыгына көңүл бурду.

Армения армиясы Мингечевир шаарына аткан ракеталардын Азербайжандын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан жок кылынгандыгы маалымдалды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз