Четверг, 9 мая

Түркия аскердик техникасына “Тулпар” ысымын берди (ВИДЕО)

0

Түркияда президенттик администрациясынын коргонуу өнөр жайы башкармалыгынын колдоосу алдында Otokar компаниясы Tulpar (“Тулпар”) аталышындагы жөө аскерлер техникасын (ЖАТ) сериялык өндүрүшүнө даяр экендигин кабарлады.

Otokar компаниясынын башкы директору Сердар Гергюч аскердик техника “Манас” эпосундагы жоокерге жан жолдош болгон жылкы баласынын урматына коюлганын белгиледи.

ЖАТ 21-кылымдын талабына жана жөө аскерлер ошондой эле атайын багыттагы аскерлердин талабына ылайык жасалган.

“Бул техника Түндүк атлантикалык альянстын (НАТО ) стандарттарына жооп берет жана сыноодон ийгиликтүү өттү. Жаңы муундун техникасы ыкчамдыгы жана ок атуу артыкчылыгы менен айырмаланат. Учурда аны көп санда чыгарууга толук даярбыз” — деди Гергюч.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз