Воскресенье, 19 мая

Президенттик шайлоого Садыр Жапаров кайсы учурда катыша алат?

0

Президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров эгер мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилсе, президенттик шайлоого катышарын билдирди. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазды.

Белгилей кетсек, азыркы Баш мыйзамга ылайык, президенттин милдетин аткарып жаткан киши шайлоого катыша албайт.

«Учурда парламент президент менен парламентти шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү үстүндө иштеп жатат. Эгер ошол өзгөртүүлөрдүн негизинде мыйзам уруксат берсе, шайлоого катышам», — деди Жапаров «Россия 24» телеканалына.

Ал ошондой эле бул маселе боюнча чечим чыга электигине байланыштуу азыр бир нерсе деп айтуу эрте экенин кошумчалаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз