Воскресенье, 12 мая

 Израиль жана Араб Эмираты визасыз режим кабыл алат

0

Тель-Авив менен Абу-Даби визасыз режимге кире тургандыгын буга чейин кабарлаган болчу. Бул келишим эки өлкөнүн ортосундагы мамилени жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Израиль жана Бириккен Араб Эмираты (БАЭ) бул келишимге бүгүн, 20-октябрда кол коет.

Эмират араб өлкөлөрүнүн ичинен Израиль жарандары үчүн визалык режимди алып салган биринчи өлкө болуп эсептелет.

Маалыматка ылайык кол коюу аземи Тель-Авивдин Бен-Гуриона атындагы аба майданында Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяху, АКШ каржы министри Стивен Мничун жана БАЭнын каржы министрлигинин башчысы Убейд бин Хамид эт-Тайардын катышуусунда өтөт.

БАЭ жана Израиль визалык режим келишимин түзүүдөн сырткары эки мамлекет ортосундагы соода тармагындагы маселерди да талкууламакчы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз