Пятница, 22 ноября

Журналисттер үчүн онлайн медиа курсу уюштурулду

0

Ооганстан, Азербайжан, Грузия, Иран, Казахстан, Кыргызстан, Румыния, Орусия, Украина жана Венгриядан жалпы 29 маалымат каражат өкүлдөрүнүн катышуусунда башталган окуу курсу жабылуу аземи менен аяктады.

Бүткүл дүйнөлүк онлайн-медиа билим берүү программасында  Anadolu Ajansı (АА)нын тажрыйбалуу кабарчылары кабар жазуу техникалары, социалдык тармакты колдонуу, кабар жана инфографиканын байланышы, сүрөткө тартуу сыяктуу темаларда билим беришти.

Курстун жабылуу аземинде АА Кабар Академиясынын жетекчиси Альптекин Жихангир Ишбилир сөз сүйлөп, АА жана YTBнин биргелешип ийгиликтүү билим берүү долбоорлорун ишке ашырып келаткандыгын, бүткүл дүйнөлүк онлайн-медиа билим берүү программасынын алкагында да ААнын уста кабарчыларынын жардамы менен долбоордун ийгиликтүү өткөрүлгөнүн айтып өттү.

Ишбилир пандемиядан кийин дагы билим берүү программаларынын улантылаарын белгилеп: “Экинчи, үчүнчү этаптарынын аралыктан эмес бетме-бет өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болоорунан үмүт кылабыз. Түрк Дүйнөсү менен мындан ары да тыгызыраак кызматташууну өркүндөтүүбүз керек”- деди.

YTB мүдүр жардамчысы Абдулхади Турус да Түрк Дүйнөсү менен Түркиянын жакын байланыштыгынын маанилүү экендигине басым жасады.

Эки жума аралыгында өткөрүлгөн окутуу программасы алдыдагы өткөрүлө турган билим берүү курстарынын башталгычы экендигин, пандемиядан кийин бетме-бет окутуу программаларын пландаштырып жаткандарын белгиледи.

Курска катышкан медиа кабарчылары да көптөгөн пайдалуу кеңештерди, тажрыйбаларды алгандыктарын, бул программадан алган билимдерин өз кесибинде пайдасы чоң экендигин айтып ыраазычылыктарын билдиришти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз