Четверг, 21 ноября

Экс премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев суракка чакырылды

0

Экс премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматка (Финпол) суракка чакырылды. Кайсы иш боюнча чакырылганы айтылган жок.

Эскерте кетсек, кечээ Финпол Абылгазиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салган. Быйыл июль айында аталган кызмат өкмөт сатып алган «Тез жардам» автоунаалары боюнча иликтөө жүргүзө баштаган.

Cентябрь айында Абылгазиевди коронавирус пандемиясына байланыштуу шалаакылык үчүн жоопко тартууну сунуш кылган арыз Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек жана медицина каражаттарын сатып алуу боюнча тендердеги шалаакылык тууралуу Финполиция тергеп жаткан ишке кошулганы кабарланган. Абылгазиев жыштык чырына байланыштуу июнь айында кызматтан кеткен.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз