Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 549 адамдан табылып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте — 125, Ош шаарында — 37, Чүй облусунда — 53, Ош облусунда — 82, Талас облусунда — 10, Нарын облусунда 4, Ысык-Көл облусунда — 24, Жалал-Абад облусунда — 117, Баткен облусунда — 97 адам жуктуруп алган.
Ал эми акыркы бир күндө 305 адам сакайып чыкты. Бишкекте — 39, Ош шаарында — 11, Чүй облусунда — 22, Ош облусунда — 78, Талас облусунда — 7, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 16, Жалал-Абад облусунда — 99, Баткен облусунда — 30 киши айыкты.
Аталган илдеттен жалпы 46 миң 444 адам айыкса, 53 миң 459 киши ооруга кабылган.