Пятница, 17 мая

Мэрияда Түлеевдин тарапташтары менен нааразы болгондор ортосунда ызы-чуу чыкты

0

Бишкек шаардык мэриянын имаратында Нариман Түлеевдин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышына нааразы болгондор менен анын тарапташтары чатакташа кетти.

Муниципалитеттеги кадрдык алмашууга нааразы болгондор эртеден бери мэрияга чогула баштаган. Алар Түлеевдин мэрдин милдетин аткаруучу болуп келишин мыйзамсыз деп эсептешүүдө.

Мэриянын алдына Түлеевге каршы чыккандар гана эмес, тарапташтары дагы келген. Алар нааразы болгондорго кайрылып, мэрдин милдетин аткара турган адамга убакыт жана мүмкүнчүлүк берүүнү суранышты. Алардын айтымында, кыш жакындап калгандыктан шаарды жылуулук сезонуна даярдаш керек.

«Сүйлөшүүлөр» мэрияда өтүп, ага шаар башчысынын милдетин аткаруучу Нариман Түлеев өзү катышты. Нааразы болгондор Түлеевдин мэрияга келгенге моралдык да укугу жок экендигин айтып, тезинен чыгып кетүүсүн талап кылышты. Ар кандай пикирлерден улам эки тарап чатакташа кетти.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз