Суббота, 18 мая

Казахстанда парламенттик шайлоо 10-январда өтөт

0

Казахстанда парламенттин төмөнкү палатасы — мажилисттин депутаттарын шайлоо 10-январда өтөт. Бул тууралуу Казахстан президенти Касым-Жомарт Токаев жарлыкка кол койду.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого даярдык көрүү жана кезектеги депутаттык шайлоону өткөрүү тууралуу милдеттендирилди.

Казахстанда мыззам чыгаруу органы эки палаталуу парламенттен турат. Жогорку палата – Сенат – 47 депутаттан жана Мажилис – 107 депуттаттан турат.

Мажилистеги 98 депутатты шайлоонун негизинде, ал эми 9у Казахстан элдик Ассамблеясы тарабынан тандалат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз