Пятница, 17 мая

Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарбайт

0

Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарбай калганын жарыялады. Бүгүн, 22-октябрда мэриянын расмий сайтына анын билдирүүсү чыкты.

Анда Түлеев мэрияга Азиз Суракматовдун өтүнүчү менен барганын, ишке жөндөп киришкенге жетише электе “мэрлик креслонун айланасында ар кандай топтордун жана шектүү бирөөлөрдүн ыплас, иренжиткен күрөшү башталганын” билдирди. Алардын айрымдары кол көтөргөнгө чейин барышканын айткан Түлеев колдоо көрсөтүп чогулган тарапташтары да чагымчылардан жабыркап кала жаздаганын белгиледи.

Түлеев аны колдоп чыккандардын жашоосу коркунучка кептелишине моралдык укугу жок экенин, охлократиянын толкуну күчөп баратканын белгилеп, мэрлик кызматтан кетүү тууралуу чечимди президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен бирге кабыл алышканын жарыялады.

Бишкек шаардык кеңешинин мөөнөтү 2021-жылдын 11-апрелинде аяктарын, ага чейин калаа мэринин милдетин шаар башкармалыгында эки жылдан бери жетекчилик кызматта иштеп келе жаткан биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев аткарып турарын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз