Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 547 адамдан табылып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте — 123, Ош шаарында — 52, Чүй облусунда — 76, Ош облусунда — 85, Талас облусунда — 15, Нарын облусунда 4, Ысык-Көл облусунда — 24, Жалал-Абад облусунда — 79, Баткен облусунда — 90 адам жуктуруп алган.
Ал эми акыркы бир күндө 282 адам айыгып чыкты. Бишкекте — 41, Ош шаарында — 29, Чүй облусунда — 26, Ош облусунда — 72, Талас облусунда — 13, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 18, Жалал-Абад облусунда — 58, Баткен облусунда — 23 киши айыкты.
Аталган илдеттен жалпы 46 миң 726 адам айыкса, 54 миң 6 киши ооруга кабылган.
Коронавирустан 1 миң 122 жаран көз жумган. Кыргызстанда акыркы суткада 4 өлүм катталды.