Пятница, 22 ноября

Гаджиев: Арменияга курал-жарак “гуманитардык жардам” деген ат менен жөнөтүлүүдө

0

Азербайжандын вице-президенти Хикмет Гаджиев Улуу Британиянын чет элдик журналисттер ассоциациясы уюштурган онлайн иш-чарада сөз сүйлөдү.

Согушкерлердин Сириядан Азербайжанга көчүрүлдү деген дооматын толугу менен четке кагышкандыгын билдирген Гаджиев: «Биринчиден, мындай нерсенин бизге кереги жок. Бизде өтө профессионалдуу армия бар. Биздин резервдик күчүбүз жетиштүү», — деди.

Армениянын катарында башка өлкөлөрдөн келген согушкерлердин бар экендигин белгилеген Гаджиев, Сирия жана Ливандагы армяндар менен катар АКШ, Канада жана айрыкча Франциядан келген армяндар армян куралдуу күчтөрүнүн катарын толуктады.

Армения өзүнүн армян тектүү жарандарын (чет өлкөлөрдө) согушта колдонууну жана Азербайжан армиясына каршы согушуп, азербайжан жарандарын өлтүрүүнү токтотушун талап кылган Гаджиев: «Ошол эле учурда, биз ПКК жикчил террордук уюмунун согушка катышуусуна тынчсызданып жатабыз. Алар Армениянын куралдуу күчтөрүнүн катарында орун алды. Негизинен, ПКК террористтери армян куралдуу күчтөрүнүн эң алдыңкы коргонуу саптарына жайгаштырылган», — деп айтты.

Арменияга ар кайсы өлкөлөрдөн курал-жарак ташуу маселеси дагы тынчсыздандыраарын белгилеген Гаджиев: «Армения тарап жарандык учактарды колдонот. Бул Эл аралык жарандык авиация уюмунун эрежелерине каршы келет. Алар ракеталык системаларды жарандык учактарга жүктөп жатышат. Мындан тышкары, курал-жарак жана ракеталар  “гуманитардык жардам” деген ат менен жөнөтүлүүдө. Армения өзүнүн расмий учактарын расмий иш сапары менен жүргөндөй колдонуп Арменияга курал ташып жатат. Алар Азербайжандын карапайым жарандарын да өлтүрүп жатышат. Бул дагы эл аралык медиа тарабынан текшерилиши керек», — деп айтты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз