Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 582 адамдан аныкталды. Коронавирус илдетинен 4 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте — 63, Ош шаарында — 59, Чүй облусунда — 81, Ош облусунда — 127, Талас облусунда — 17, Нарын облусунда 7, Ысык-Көл облусунда — 29, Жалал-Абад облусунда — 86, Баткен облусунда — 113 адам жуктуруп алган.
Ал эми акыркы бир күндө 324 адам айыгып чыкты. Бишкекте — 25, Ош шаарында — 49, Чүй облусунда — 25, Ош облусунда — 101, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 61, Баткен облусунда — 48 киши айыкты.
Аталган илдеттен жалпы 47 миң 50 адам айыкса, 54 миң 588 киши ооруга кабылган.