Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 25-октябрдагы маалыматына караганда, Бүгүн, 25-октябрда COVID-19 вирусунан жана пневмониядан дагы төрт бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдирди.
Ушуну менен COVID-19 илдетинен көз жумгандардын саны 1134гө жетти.
Акыркы суткада 606 адамдан вирус жаңыдан табылды.
Оору жугузгандардын аймактардагы эсеби:
Жалал-Абад облусунда — 184;
Баткен облусунда – 105;
Ош облусунда — 97;
Бишкек шаарында — 88;
Ысык-Көл облусунда — 41;
Ош шаарында – 36;
Чүй облусунда — 29;
Талас облусунда — 24;
Нарын облусунда — 2 киши.
Кыргызстанда марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 55750 адамды түздү. Алардын арасынан 47616 бейтап айыкты.