Воскресенье, 19 мая

БШКда эмне болуп жатат?

0

Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратын ИИМ кызматкерлери тинтүүгө алып, документтерди чогултуп жатат. Бул тууралуу БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

«Бул атайын уюштурулган акция. Тергөөчүлөр БШКнын ишине тоскоолдук жаратып жатышат. Бул үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартса болот. Анткени биз юридикалык жактан дагы деле парламенттик шайлоо жүрүп жаткан абалдабыз. Анын жыйынтыгы жокко чыгарыла элек», — деди Осмоналиев.

БШК мүчөсүнүн айтымында, жетекчилик жаңы бийлик менен сүйлөшүүгө аракет кылган.

«Төрайым Шайлдабекова болгон аракетин кылып, кабылдамага чейин барган. Бирок майнап чыккан эмес. Ишибизди улантарыбызды билгенде кылмыш ишин козгоп, суракка чакыра баштады. Азыр тинтүү жүргүзүп, документтерди алып жатышат. Бул аша чапкандык. Президенттин милдетин аткаруучу «камчы» методун гана колдонууда. Журналисттер бир нече күндөн бери БШКнын тегерегиндеги чуу боюнча айтса дагы реакция кылган жок», — деди.

Буга чейин ИИМдин кызматкерлери Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн суракка алып кетүүгө аракет кылып жатканы кабарланган.

Ал эми ИИМдин маалымат кызматы окуя боюнча бир аздан соң комментарий берерин билдирди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз